Европада коркунучтуу күндөр башталды

ДЕАШ террор уюмунун эң аз 400 мүчөсүн машыктырып, террордук кыймылдарды кылуу үчүн Европа өлкөлөрүнө жибергени белгиленди.

457727
Европада коркунучтуу күндөр башталды

ДЕАШ террор уюмунун эң аз 400 мүчөсүн машыктырып, террордук кыймылдарды кылуу үчүн Европа өлкөлөрүнө жибергенин алдыга койду.

Associated Press, Европа жана ирактык чалгындоо кызматтарына таянып берген маалыматында, уюмдун бул мүчөлөрүн милдеттерин аткарышы үчүн ылайыктуу убакыт, жер жана ыкманы тандоо буйругун бергенин белгиледи.

Француз сенатор жана террор желелерин изилдөө комиссиясынын тең төрайымы Натали Гуле да, орто эсеп менен 5 миң европалыктын Сирияга кеткенин белгилеп, 400дөн 600гө чейин террористтин Европа өлкөлөрүндө террордук актыларды кылыш үчүн атайын машыктырылып кайра жиберилгенин жактады.

Гуле: «2014-жылы уюм мүчөлөрүнө бир канча жумалык машыктыруу өткөрчү. Эми стратегиясы өзгөрдү. Атайын бөлүктөрдү курууда. Бул бөлүктөрдүн машыктыруусу дагы көпкө созулат. Алардын максаттары эми болушунча көп кишини өлтүрүү, дагы көп теракты кылуу» деп айтты.

Европанын полициялык уюму (Europol) да январь айында жарыялаган отчетунда ДЕАштын, «жасалма тышкы кыймылдар командирлигин» курганын жана ар башка өлкөлөрдө кыймылдарын кыла тургандар үчүн согуштук стратегиялары, жарылуучу, байкоо ыкмалары темаларында атайын билим бергенин белгилеген.

Бул учурда террор уюму ДЕАШтын террористтерин Европа өлкөлөрүнө, бөлүүчү уюму ПККнын мүчөсү көрүнүшүндө жиберип кыймылдарды кылдырууну пландагаганы алдыга коюлууда.

Коопсуздук маалымат булактары террор уюму ПККнын Европа өлкөлөрүндө оңой кыймыл кылганын жана олуттуу колдоо көргөнүнөн баштап, ДЕАШка байланыштуу көп сандаган уянын, мурда террор уюму ПККга өтүп андан кийин бул уюмдун маалымдоолору менен ар башка Европа өлкөлөрүнө өткөнү белгиленген.



Тектеш кабарлар