Түркия мамлекети атуулдарын коргогонго укугу бар

Кирби,:«Чек араларынын ичинде чыныгы террор коркунучуна туш болгон Түркиянын өз атуулдарын коргоо жоопкерчилиги бар»

455881
Түркия мамлекети атуулдарын коргогонго укугу бар

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Жон Кирби, чек араларынын ичинде террор коркунучуна туш болгон Түркиянын өз жарандарын коргоо жоопкерчилиги бар экенин белгиледи.

Жон Кирби күнүмдүк басма сөз бирфингинде Түркиянын террорго каршы күрөшүүсүнө байланыштуу суроолорго жооп берди.

Түркияда акыркы күндөрдө болгон бомбалуу кол салууларга байланыштуу суроо боюнча Кирби, «Чек араларынын ичинде чыныгы террор коркунучуна туш болгон Түркиянын өз атуулдарын коргоо жоопкерчилиги бар»,-деп айтты.

ДЕАШ менен күрөшүү жана Сириядагы абалдар боюнча болуп жаткандардын Түркия үчүн теориялык темалар болбогонун сөз кылган Кирби, Түркиянын 2 миллион 700 миң сириялыкты багып жатканына көңүл бурду.

Кирби: «Булар албетте так фактылар жана өлкөнүн ичинде болуп жаткан окуялар. Биз да Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүнүн алкагында коалицияга берген колдоосуна ыраазыбыз. Акыркы террордук кол салуудан кийин бул колдоодо өзгөрүү болгон жок»,-деди.

Сирияда ок атпоо келишимине байланыштуу Орусиянын, «Керек болсо келишимди бузгандарга бир жактуу түрдө кийлигишебиз», деген ачыктоосу суралганы боюнча Кирби, «Орус тарабынын бир жактуу кыймыл кылбай турганын үмүт кылуудабыз»,-деп айтты.

Жон Кирби Сирияда ок атпоо келишимин басымдуу түрдө Башар Асад режиминин бузганын да баса белгиледи.

«АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Кирбинин бул жуманын ичинде Москвага бара турганы эске салынганы боюнча Кирби, күн тартипте Сирия менен Украина боло турганын билдирди.

АКШнын Иракка кошумча аскер жибере турганына байланыштуу кабарлар тууралуу суроого да жооп берген Кирби, АКШнын Иракта согушчу күчтөрү жок экенин, учурдагы аскерлердин «сунуш жана колдоо күчү» түрүндө кызмат кылганын айтты.

Жон Кирби кошумча күч жиберилбей турганын билдирди.

АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Египетте болуп жаткан адам укуктарын бузууларга байланыштуу өлкөсүнүн санааркоолорун да кайталады.



Тектеш кабарлар