Орусия Сириядан чыгабы?

Путин, Орусиянын Сириядагы аскердик кийлигишүүсүнүн чоң өлчөмдө максатына жеткенин белгилеп кетти.

450791
Орусия Сириядан чыгабы?

Орусиянын президенти Владимир Путин Сириядагы орус күчтөрүнүн чыга баштоосу боюнча коргоо министрине буйрук берди.

Кремлде коргоо жана тышкы иштер министрлерин кабыл алган Путин, чыгуунун шейшемби күндөн тартып башталышын каалады.

Путин, Орусиянын Сириядагы аскердик кийлигишүүсүнүн чоң өлчөмдө максатына жеткенин белгилеп кетти.

Кремлдин баса сөз катчысы Дмитрий Песков да Асад режиминин бул темада маалыматтандырылганын жарыялады.

Орусиянын президенти Химеймдеги аба базасынын жана деңиз күчтөрүнө таандык элементтер орун алган Тартустагы базасынын иш-чараларын уланта турганын айтты.

Путин аймакта кала турган чектелүү сандагы аскердин да ок атпоо жана тынчтык процессин байкай турганын сөз кылды.

Бул абалдан Башар Асаддын кабардар болгонун кошумчалаган Путин, бул абалдын саясий диалог жана макулдашууга оң салым кошо турганын үмүт кылганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар