ЕККУнун эскертүүсү

Украинанын чыгышындагы кырдаал курчуп кетиши мүмкүн

450892
ЕККУнун эскертүүсү

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Украинанын чыгышындагы кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деп эскертти.

ЕККУнун байкоочулары, аймакта Украина армиясы менен Орусия жактоочулары коркунуч жарата тургандай деңгээлде жакын турганын билдирди.

Аймактагы ок атпоону көзөмөлдөгөн байкоочулар, эки жактын айрым учурларда бири-бирине бир нече метрге чейин жакындаганын белгилешти.

Ок атпоо келишимине ылайык, тараптар бири-биринен 2 же 5 чакырым алыстыкта жайгашуусу керек.


Этикеткалар: #Украинанын , #Ок атпоо

Тектеш кабарлар