Евразияга сереп салуу-11

Кыргызстан менен Орусиянын мамилелери

448414
Евразияга сереп салуу-11


Саламатсыздарбы, урматтуу окурмандар! Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапарынын алкагында Кыргызстан-Орусия алакалары жөнүндө сөз кылабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев 2-мартта Орусияга иш сапары менен барып келди. Президент Атамбаев эки күндүк иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Эки лидер Кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын, ар түрдүү тармактарда кызматташуу жана Евразия интеграциясын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жолу 2015-жылдын 21-декабрында иш сапары менен Орусияга барып келген.

Президент Атамбаев иш сапарынын алкагында Орусиянын каржы министри Антон Силуанов менен да жолугушуу өткөрдү. Анда Кыргыз-орус өнүгүү фондунун негизги иш-чаралары менен катар ар түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду финансылоодогу кызматташуу темалары каралды. Эске сала кетсек, Орусия аты аталган өнүгүү фондуна 500 миллион доллар которо турганын билдирген, бирок анын 350 миллион доллары гана которулган. Анын үстүнө бул 350 миллиондун 256 миллиону да 4 пайыздан Орусия банктарына төлөндү. Кыскасы Кыргыз-орус өнүгүү фондунан азырынча Кыргызстанга эч кандай пайда түшкөн жок.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусияга сапарынын алкагында 3-мартта Интерфакс кабар агенттигинин борбордук кеңсесинде Орусиянын алдыңкы медиа органдарынын жетекчилери менен жолугушту. Мындан мурда Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги даярдаган, орус медиасына артыкчылык көрсөтүлгөн «Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда массалык маалымат тармагындагы кызматташууга байланыштуу мыйзам долбооруна басма сөз жана социалдык медиада каршылык көрсөтүүлөр болду.

Атамбаевдин Москвага сапарында кандайдыр бир келишимге кол коюлган жок. Бул абал коомдук пикирде сапардын максатынын суракка алынышына себепчи болду. Адистердин көпчүлүгү сапардын максатынын январь айында солгундаган эки тараптуу алакаларды жандандыруу катары белгилешти.

Белгилүү болгондой, Кыргыз өкмөтү менен Орус өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын курууга байланыштуу келишим 2016-жылдын 22-январында Кыргызстан тарабынан бир жактуу түрдө токтотулган. Ушундайча Кыргызстан 2 миллиард доллардык инвестициядан баш тарткан болду. Келишимдин токтотулушунда орус тараптын Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын куруу долбоорун ишке ашыра албай тургандыгын билдириши таасирдүү болгон.

Акыркы мезгилде Орусия-Кыргызстан карым-катнаштарында оң өнүгүүлөр да болуп жатат. Мисал үчүн 2015-жылдын 3-декабрында Бишкекте соода, экономикалык, илимий, техникалык жана социалдык кызматташтык темаларында Кыргызстан-Орусия өкмөттөр аралык комиссиясынын 18-жыйыны өткөрүлдү.

2016-жылдын 12-февралында Орусия эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргызстанга аскердик жардам көрсөттү. Толук жабдылган 10 чопкутталган унаа жана көп сандаган аскердик шаймандан турган жардам Орусиядан жүк ташуучу учак менен Кыргызстанга келди. Орусия буга чейин Кыргызстанга 500 тонна оор курал-жарак, танка жана аскердик техникалык жабдыктарды берген.

Президент Алмазбек Атамбаев 25-февралда «Кыргызстан жана Орусия өкмөтүнүн ортосунда Москвада Кыргыз илим жана маданият үйү, Бишкекте Орус илим жана маданият борборунун курулуусу, иш-чара шарттары тууралуу 2011-жылдын 28-мартында Москвада кол коюлган келишимдин бекитилишине байланыштуу» жарлыкка кол койду.

ГЭС долбоору токтотулгандан кийин Кыргызстан-Орусия карым-катнаштарынын солгундашына байланыштуу көз караштар сөз кылына баштаган. Президент Атамбаевдин Москвага сапары ушул көз караштардын негизсиз экенин аныктады. Ансыз деле Орусиядагы экономикалык кризистен тышкары токтотулган ГЭС долбоору, эки тарапту мамилелерге зыян келтириши мүмкүн эмес эле. Анткени Кыргызстан менен Орусиянын эзелки байланышы бар. Ушундан улам болсо керек Путин өз ара жолугушууда, Орусияда иштеп жүргөн жарым миллион кыргыз жаранын эки тараптуу алакалардын эң сонун мисалы катары көрсөтүүдө. Владимир Путиндин сөз сүйлөөсүндө, Кыргыз Республикасы үчүн Кыргызстан дегендин ордуна «Киргизия» деп аташы, 1916-жылдагы Түркистан окуяларынын 100-жылында талаптардын мындай түрдөгү темаларда башка порттордо орун алаарын ачык көрсөтүп турат.

Программабызды даярдагандар Абдурасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар