Евразияга сереп салуу-10

Крымдын аннексияланышына эки жыл болду

447005
Евразияга сереп салуу-10

Саламатсыздарбы, урматтуу окурмандар! Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Крымдан сөз кылабыз.

Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышына эки жыл болду. Дүйнөлүк коомдук пикир канчалык Сирияга басым жасаса да, Крым маселеси чет өлкөдөгү татарлар менен катар түрк элдеринин өнөкөткө айланган маселеси катары калат. Крымдын аннексияланышына Украина, Түркия, Румыния сыяктуу өлкөлөрдө каршылык көрсөтүлдү. Крым татар диаспорасы орус элчилик жана консулдуктарынын алдына кара гүлчамбар койду жана ушул темага байланыштуу жыйын, курултай, дискуссия ж.б өткөрүлдү. Алгач акыркы бир жылда Крымдын аннексияланышына байланыштуу болгон маанилүү окуяларга көз чаптыралы.

2015-жылдын 20-мартында Киевде өткөрүлгөн Түркия менен Украинанын Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинде президент Режеп Таййип Эрдоган Крым татарларынын делегациясын кабыл алды жана Крымдын аннексияланышын тааныбай тургандарын билдирди. 2016-жылдын 15-февралында Киевге расмий иш сапары менен барган премьер-министр Ахмет Давутоглу да Түркиянын чечкиндүү мамилесин кайталады. 2016-жылдын 27-февралында Түркия Улуу Улуттук Парламентинде 129 өлкөдөн турган параламенттер аралык достук тобу түзүлүп ага Орусияны кошпой коюшту.

2015-жылдын 1-апрелинен тарта АТР Крым татар телекөрсөтүүсү жарым аралда берүүсүн токтотту.

2015-жылдын 18-майында Улуу сүргүндүн 70 жылдыгына карабастан Аза күтүү митингине орус жооптуу кызматкерлер уруксат беришкен жок. Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Валентин Наливайченко, 18-майда Крым татар сүргүнүнөн курман болгондорду эскерүү күнүндө Крым Татар Парламентинин төрагасы Рефат Чубаровго Советтер Союзунун ички иштер боюнча Элдик комиссарлыгы тарабынан кыйнап өлтүрүлгөн Крым татарларына байланыштуу документтерди тапшырды.

2015-жылы 31-июлдан 2-авгуска чейин Анкарада 184 Крым татар уюмун өкүлдүк кылган 400гө жакын делегаттын катышуусунда 2-Дүйнөлүк Крым татар конгресси өткөрүлдү.

22-сентябрда Украина Парламентинин Жогорку Рада жана Крым Татар Улуттук Парламентинин демилгеси боюнча Крымды Украинага байланыштырган аймак бетон түтүктөр менен жабылды. Крымдан Украинага барган товарларга да эмбарго коюлду.

Украина Парламенти 12-ноябрда 1944-жылдагы Крым татар сүргүнүн геноцид деп таанылышын көздөгөн 2493 номердүү мыйзам долбоорун кабыл алды.

Украина 22-ноябрда Крымга электр энергиясын берүүнү токтотту.

Крым соту, үстүбүздөгү жылдын 21-январында Мустафа Жемилев тууралуу сырттан камоого өкүм чыгарды.

Крым прокурору Наталья Поклонская, Орусияны жактаган Крым татарларынын кол тамгаларын чогултуп 2016-жылдын 15-февралында Крым Татар Улуттук Парламентин жабуу үчүн сотко кайрылды.

Ал эми 21-февралда Жамала, Евровидение-2016 ыр сынагында Украинаны өкүлдүк кылууга жолдомо алды.

Крымдын аннексияланышына эки жыл болгонуна байланыштуу Литванын Тышкы иштер министрлиги: «Орусиянын Крымды мыйзамсыз кошуп алышын Литва эч качан тааныбайт»,-деп билдирди.

«Орус басып алуусунун экинчи жылында Крым тууралуу сөз кылып жатабыз» аттуу программа 2016-жылдын 26-февралында Кожатепе мечитинин конференция залында башталды. Киевдеги Украина кризисин чечүү борборунда ушул эле күнү «Крым Укриана» темалуу эл аралык форум өткөрүлдү.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков 26-февралда Орусияга караштуу Крым Республикасын кайра алуу үчүн армияны, полицияны жана Улуттук бригаданы даярдап жаткандарын билдирди.

Ал эми 28-февралда «Крым үйү» атындагы мамлекеттик мекеме, оңдоо жана жаңылоо иштеринен кийин Киевде жарандар, бейөкмөт уюмдар, өнөрпоздор үчүн «Autonomous» мындайча айтканда «Автономдуу» маданият борборун ачты.

Урматтуу окурмандар, аннексиялоодон кийин Крымдан чыгып башка жерлерге көчүп кеткендердин саны 19 миңге жетти. Учурда ондогон крымдык түрк ар түрдүү шылтоолор менен абакта жатат. Крымда мечиттерди өрттөп жиберүү, мусулмандардын жардам акциясы үчүн чогулткан акчаларын уурдоо, сүргүндө курман болгондорго арналып тургузулган эстеликтерди бузуу сыяктуу окуялар көп болуп жатат. Крым фондунун каражаттарынын тартылып алынышынын себебинен бул фонддун имараттарында кызматын уланткан «Авдет» гезити менен «Жылдыз» журналы ал жерден кетүүгө аргасыз болушту. Крым, «Жаңы Дүйнө» жана «Голос Крым» гезиттерине көрсөтүлгөн мамлекеттик жардамдар токтотулду. Крым маалымат агенттигинин координатору Исмет Йүкселдин 5 жылдык мөөнөткө Крымга кирүүсүнө тыюу салынды. Ушул сыяктуу кысымдар дагы деле уланып жатат. Балким Крым татарларынын сүргүн өкмөтүнүн курулуусунун убагы келди.

Урматтуу угармандар, программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар