Зика вирусу 40тан ашуун өлкөгө жайылды

Бразилияда башталган эпидемия акыркы болуп Кубада 28 жаштагы венесуэлалык бир студентте чыкты

443727
Зика вирусу  40тан ашуун өлкөгө жайылды

Бразилияда башталган эпидемия акыркы болуп Кубада 28 жаштагы венесуэлалык бир студентте чыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтарына караганда акыркы жумаларда Бразилия, Колумбия, Эль Сальвадор, Суринами жана Венесуэлада бул ооруга чалдыккандардын санында артуу болду.

АКШнын Тексас аймагында бир кишиде зика вирусу аныкталды. Өткөн жумада Францияда да бул ооруга кездешилди. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Марисоль Турен Бразилиядан кайткан жана Парижде жашаган бир аялда зика вирусуна кездешилгени билдирилди.

Германия менен Швейцарияда эки, Данияда болсо бир кишиде зика вирусу аныкталган. Швейцариядагы оорулуулардын зика вирусун Гаити жана Колумбияда жугузуп алышкандарын билдирди. Даниядагы зика оорулуусунун болсо Түштүк Африкадан кайткан бир туристте чыкканы билдирилди.

Англия, Швеция, Португалия жана Голландияда вирус аныкталган кишилердин андан мурда Америкада болгону белгиленди. Зика вирусу айрыкча кош бойлуу аялдар үчүн абдан коркунучтуу.

Эне вирусту курсагындагы бөбөккө өткөрөт. Вирус жаңы төрөлгөн бөбөктөрдөгү микроцефалия башкача айтканда кичине баш оорусуна жол ачууда.

13 миң кишиде зика вирусу аныкталган Бразилияда октябрь айында микроцефалия менен төрөлгөн бала саны 4 миң деп эсептелди. Вирустун бардык оорулууларга кош бойлуу кезинде жукканы белгиленген. Май айында Бразилияда чыккан эпидемия, чиркейлер аркылуу бардык Америка материгине жайылды.

Биринчи жолу 1947 - жылы Уганданын зика токойлорундагы маймылдарда табылган вирус, Аедес түрүндөгү чиркейлер аркылуу кишилерге жугууда. Температура, көздүн кызырусу, кусуу, баш, булчуң жана муун ооруусу сыяктуу белгилер оорунун белгилери, дарылоо жана вакцинасы жок.



Тектеш кабарлар