Вашингтон бийлигинен акылга сыйбаган чакырык

АКШ террор уюму ПККнын уландысы болгон ПЙДны, ПККны колдобоо темасында эскерткенин билдирди.

443909
Вашингтон бийлигинен акылга сыйбаган чакырык

Америка Кошмо Штаттары террор уюму ПККнын уландысы болгон ПЙДны, ПККны колдобоо темасында эскерткенин билдирди.

Женевада БУУнун адам укуктары кеңешинин жыйналышына катышкандан кийин маалымат жыйын өткөргөн АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Антони Блинкен, Түркия эң жакын шериктештеринен бири болгонун айтты.

Блинкен: «ПЙДга, ПККны колдобоо же башка оппозициячыл топтор менен кагылышууга карай таштай турган кадамдарынын чоң маселе туудура турганын абдан ачык түрдө айттык»,-деди.

Антони Блинкен дагы бир ката кылып, бир террор уюмунан башка бир террор уюмун колдобоону суранып жатат. Анткени Блинкендин айтканына караганда АКШ, террор уюму ПЙДдан террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүгө багытталышын талап кылды.

АКШ менен террор уюму ПЙД темасындагы түшүнүшпөстүк мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн орун басары Мари Харфтын 2014-жылдагы жарыясы менен башталды.

Харф ПЙДны «террор уюму» катары карабагандарын жарыялап, Вашингтон бийлиги 2015-жылы сентябрда да ПЙДнын куралдуу тармагы ЙПГны да «террор уюму» катары карабагандарын жарыя кылган.

Түркия, 29 киши каза тапкан Анкарадагы 17-февраль кандуу кол салуусунда ЙПГнын тиешеси болгону жөнүндөгү маалыматты Американын элчилиги менен бөлүшкөн.



Тектеш кабарлар