Малазияда жүк ташуучу учак кырсыкка учурады
Учактагы 8 аскер аймактагы балыкчылардын жардамы менен куткарылды
440028
Малазияда королдук аба күчтөрүнө таандык бир жүк ташуучу учак кырсыкка учурады. Учактагы 8 аскер куткарылды. Бернаманын кабарына караганда Королдук аба күчтөрүнө таандык кичинекей жүк ташуучу учак эрте менен Селангор аймагында жээкке жакын бир аймакта кырсыкка учурады. Учактагы 8 аскер аймактагы балыкчылардын жардамы менен куткарылды.
Аба күчтөрүнөн алынган маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 8. 40чамаларында кырсыкка учураган CN 235 моделиндеги жүк ташуучу учактагы аскерлердин ден соолугунун жакшы экени белгиленди.