Газпром түрк компаниялары менен сүйлөшүүдө

Газпром түрк компаниялары менен иштешүүнү уланткысы келет

439813
Газпром түрк компаниялары менен сүйлөшүүдө

Орусиянын Газпром компаниясы түрк фирмалары менен иштешүүнү уланткысы келет.

Газпромдун билдирүүсүндө, Түркиядагы менчик компаниялар менен сүйлөшүүлөрдүн иштиктүү уланганы белгиленди.

Газпромдун орус маалымат агенттиги ТАССка берген маалыматында, «Газпром Expor менен Түркиядагы менчик компаниялардын ортосундагы сүйлөшүүлөр иштиктүү уланып жатат. Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин жыйынтыктар тууралуу маалымат берилет. Түрк өнөктөштөрүбүз менен алакаларыбызды, түзүлгөн келишимдерди уланткыбыз келет» деген сөздөр орун алды.

Орусиядан батыш түтүк жолу аркылуу Түркияга газ алып келген менчик фирмалар, 10,25 пайыздык арзандатуу өткөн айда жоюлгандан кийин кымбат баада төлөөдөн баш тарткан болчу.

Ушулдан улам Газпромдун менчик компанияларга жөнөткөн газ көлөмүндө 10 пайыздык азаюу болгону белгиленген.



Тектеш кабарлар