Англияда бир гориллага кесарево жолу менен операция жасалды
950 грамм салмактагы ургаачы бала горилла төрөлдү
438582
Бристол зоопаркында жашаган Кера аттуу эне горилла преэклампсиядан улам (кош бойлуулуктан уулануу) эрте төрөдү.
Бир гинекологдун кийлигишүүсү менен эне гориллага кесарево жолу менен операция жасалды. Операциядан кийин ветеринарлардын 950 грамм салмактагы ургаачы бала горилланы алышкандарын жана абалынын жакшы экени, дарыланып жаткан энесинин ылдам айыгып баратканы билдирилди.
Азырынча ат коюла элек бала горилла Англияда кесарево жолу менен төрөлүп, жашап калган биринчи горилла катары тарыхка өттү.
Акыркы болуп 2014 - жылы АКШдагы Сан Диего зоопаркында бир эне гораилла кесарево жолу менен төрөгөн.