НАТОнун Dynamic Manta-16 машыгуусу башталды
Аскердик машыгуу төрт күнгө созулат.
437324
НАТОнун Dynamic Manta-16 машыгуусу Италиянын жетекчилигинде Борбордук Жер Ортолук деңизинде башталды.
Машыгуунун алкагында суу астынан жүрүүчү кемелерге байланыштуу кызматташуу жол-жоболору ишке ашырылып, НАТОнун координациялуу суу астынан коргонуу ыкмалары сыналат.
Түрк деңиз күчтөрү командирлиги 4-мартка чейин созула турган машыгууга, суу астынан жүрүүчү кемеси "TCG DOLUNAY" , 1 деңиз учагы жана 5 аскердик штабдын кызматкерлери менен катышууда.