Түндүк Кореяга жаңы санкциялар

Жаңы санкцияларды камтыган мыйзам бекитилди

435567
Түндүк Кореяга жаңы санкциялар

АКШнын президенти Барак Обама өзөктүк курал программасы боюнча иш-чараларын уланткан Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды камтыган мыйзамды бекетти.

АКШ Конгрессинде өткөн жума күнү бекитилген жаңы мыйзам Обаманын кол коюусу менен күчүнө кирди.

Мыйзам аркылуу Түндүк Кореянын атомдук программасы, адам укуктарынын бузулушу жана кибердик кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында катаал чаралардын көрүлүшүн көздөөдө.

Түндүк Кореяга жаңы санкциялардын өлкөнүн экономикасына чоң зыян тийгизиши мүмкүн экенин жактаган Кытай болсо, мындан мурда ушул сыяктуу санкцияларга каршы экендигин билдирген.

Түндүк Кореянын суутек бомбасын сынап жана космоско ракета учурушунан кийин курчуган чыңалууга байланыштуу Вашингтон менен Сеул башкаруучулугу, биргелешкен коргоону чаралары боюнча сүйлөшүүлөрүн күчөткөн болчу.



Тектеш кабарлар