Орусия Башар Асадды сынга алды
Виталий Чуркин «Коммерсант» гезитине берген интервьюсунда Сириядагы абалга байланыштуу маалыматтарды берди
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин Асаддын : «Өлкөнүн баарын кайра аламын»,- деген сөзүнүн Москванын тынчтыкты жактаган дипломатиялык аракеттери менен дал келбегенин айтты.
Виталий Чуркин «Коммерсант» гезитине берген интервьюсунда Сириядагы абалга байланыштуу маалыматтарды берди. Чуркин : «Орусия Сирия кризисине саясий, дипломатиялык жана аскердик жактан абдан чоң инвестиция салды. Асаддын муну көз алдына келтирүүсүн каалайбыз»,- деди.
Виталий Чуркин АКШнын Башар Асаддын кызматын таштоосуна карата мамилесинде да жумшоо болгонун айтты.
Башар Асад француз кабар агенттиги АФПге берген интервьюсунда өлкөсүнүн баарын кайра алуу үчүн аракет кыларын, мунун узун процесс болорун айткан.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.