Афганстанда террор менен күрөш
ДЕАШтын буктурмаларына жүргүзүлгөн операцияда уюмдун 42 мүчөсү өлтүрүлдү, 5 уюм мүчөсү да жараланды
433818
Афганстандын Нангархар шаарында террордук уюм ДЕАШтын буктурмаларына жүргүзүлгөн операцияда уюмдун 42 мүчөсү өлтүрүлдү, 5 уюм мүчөсү да жараланды.
Афганстан коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда өлкөнүн чыгышындагы Нангархардын Ачин районунда ДЕАШка каршы операциялардын жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Каза болгондордун арасында уюмдун аймактагы негизги командирлери да бар. Бир тараптан өлкөнүн ар башка аймактарында Талибанга карата жүргүзүлгөн операцияларда да 12 Талибан террористти өлтүрүлдү. Операцияларда көп сандаган курал жана ок – дары колго түшүрүлдү.