Сауд Арабиянын реактивдери Түркияда

Хасан Асири ДЕАШка каршы күрөшүүнүн алкагында Түркиянын Адана облусундагы Инжирлик базасына реактивдердин барганын билдирди.

432216
Сауд Арабиянын реактивдери Түркияда

Сауд Арабиянын коргоо министрлигинин кеңешчиси генерал Ахмед бин Хасан Асири, ДЕАШка каршы күрөшүүнүн алкагында Түркиянын Адана облусундагы Инжирлик базасына жөнөтүлө турганы жарыяланган реактивдердин базага барганын билдирди.

Асири «Аль-Арабия» телеканалына берген маегинде жөнөтүлгөн согуштук учактардын Брюсселде өткөн жана Сауд Арабиянын абадагы операцияларга дагы таасирдүү катышуусу темасында чыгарлыган токтомдун негизинде АКШ баштаган эл аралык коалициянын операцияларынын алкагында Сириядагы ДЕАШ буталарына карай операцияларда кызмат өтөй турганын белгилеп, алдыдагы сааттарда кошумча согуштук учактардын да Инжирлик базасына коно турганын белгилей кетти.

Сауд Арабиянын Сирядагы ДЕАШ буталарына карай кургактык кыймылдарына байланыштуу АКШ башкарган коалиция өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгилеген Асири, коалициялык өлкөлөрдүн арасында кургактык кыймылынын талабы темасында кеңири пикир бар экенин билдирди. Асири чыгарыла турган чечим боюнча Сауд Арабиянын да коалицияга кургактык кыймылында активдүү роль алууну каалаганын мындан мурда да билдиргенин сөз кылды.

Асири бир суроого жооп иретинде Сириядагы ДЕАШ буталарына карай ыктымалдуу кургактык кыймылынын Түркия менен Сауд Арабиянын ортосунда чыгарыла турган эки тараптуу токтом менен болбой турганын, мунун Брюсселде сүйлөшүлгөндөй АКШ баштаган коалиция өлкөлөрү менен бирге жасалышы пландалганын, Түркия жана Сауд Арабиянын болсо коалициянын эки күчтүү мүчөсү катары ыктымалдуу кыргактык кыймылында орун ала турганын жактады.

Согуштук учактардын Инжирлик базасына жайгаштырылышынын ыктымалдуу кургактык кыймылына алдын ала даярдык болуп болбогону жөнүндөгү суроого Асири, согуштук учактардын аба операциялары үчүн жайгаштырыла турганын белгилеп, ыктымалдуу кургактык кыймылына байланыштуу тактикалардын аскердик адистер тарабынан иштелип жатканын, деталдарынын болсо алдыдагы күндөрдө тактала турганын айтты.



Тектеш кабарлар