Нидерландия Сирияны колдоо тобуна кошулууда

Сирияны колдоо тобунун максаты эмне?

431949
Нидерландия Сирияны колдоо тобуна кошулууда

Нидерландия Эл аралык Сирияны колдоо тобуна кошулууда.

Тышкы иштер министри Берт Кундерс, өлкөсүнүн аты аталган топко 18чи өлкө катары кошула турганын билдирди.

Кундерс Нидерландиянын Сириядагы кризиске байланыштуу жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө катыша турган болушу абдан маанилүү экенин сөз кылды.

Нидерландиянын акыркы мезгилдерде өзгөчө гуманитардык жардамдар темасында өз салымын кошуп жатканын белгилеген Кундерс: «Үстөлдө чоң өлкөлөр менен бирге отурабыз, бул мүмкүнчүлүк болуп саналат»-деди.

Арасында Түркия да орун алган 17 өлкө жана 4 эл аралык уюмдан турган Эл аралык Сирияны колдоо тобу, Сириядагы жарандык согушту соңуна чыгарып, өлкөдөгү маселеге саясий чечүүчү жол табууну максаттоодо.



Тектеш кабарлар