Зика вирусуна каршы вакцина
Зика вирусуна каршы вакцина жасоо иштери жүрүп жатат.
Вирустун эпидемиясы башталган биринчи өлкө болгон Бразилиянын саламаттык сактоо министри, Американын Техас университети менен кызматташтык түзүлгөнүн жана 1 жылга чейин зика вирусуна каршы вакцина жасалышы мүмкүн экенин айтты.
Изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Бразилияга барып өрнөк чогулткан илимпоздор аларды лабораторияда текшерип жатышат.
Адистер зика менен тукуму бир болгон сары калтыратма вирусуна каршы вакцина жасалганын, ушул жол аркылуу кеңири колдонулуучу вакцина жасоо процессинин кыскартылышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөткүчтөрүнө караганда, жалгыз гана Бразилияда вирусту жугузуп алгандардын саны 22 миңден ашты.
Бразилия менен катар көптөгөн өлкөдө вирустун жайылышына себепчи болгон чиркейлерди жок кылуу үчүн да аракеттер жүрүп жатат.
Тектеш кабарлар
302 миллион бала интернеттен сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болду
"Childlight" демилгесинин алкагында иштеген изилдөөчүлөр "Жарыкты көздөй" аттуу отчет даярдашты.