Испанияда биринчи жолу зика вирусу табылды

Кош бойлуу аялдарга жугуу менен бөбөктүн майып болуп төрөлүүсүнө жол ачкан зика вирусу ылдам жайылып баратат

427851
Испанияда биринчи жолу зика вирусу табылды

Испанияда биринчи жолу зика вирусу табылды. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө 7 кишиде вирустун табылганын, булардан бирөөсүнүн Колумбия саякатынан кайткан кош бойлуу бир аял экенин билдирди. Маалыматта аялдын абалынын жакшы экени белгиленип, бирок бөбөк тууралуу маалымат берилген жок.

Бразилияда жайылган жана чиркей аркылуу жукканы болжолдолгон вирустун дүйнөдө 4 миллион кишиге жугушу мүмкүн экени белгиленүүдө. Бразилида 4 миңи бөбөк болгон бир жарым миллион кишиге вирустун жукканы болжолдолууда. Вирус бөбөктөрдүн төрт жүзүндө мээ кабыкчасында ириңдөөгө жол ачып жана миңдеген бөбөк акылы кем төрөлгөн. Колумбия, Эквадор, Сальвадор, Ямайкада аялдарды бюна бүтүрбөө боюнча эскертти.


Этикеткалар: #Дүйнө , #кабара

Тектеш кабарлар