Орусия экономикасындагы абал...

Потаренко өлкөдөгү оппозициячылдардын парламентте же көчөдө эмес, Кремлдин дубалдарынын аркасында болгонун белгиледи.

413352
Орусия экономикасындагы абал...

Орусиянын алдыңкы ишкерлеринен Дмитрий Потаренко Орусиянын экономикасындагы жаман жосундун жооптуусунун бюрократтар экендигин айтты.
Москванын экономика форумуна конок болгон Орусия жана Европада көп сандаган маркет чынжырынын ээси болгон Потаренко, Орусиянын экономикасына байланыштуу ачыктоолорду жасады.
Өлкөдөгү оппозициячылдардын парламентте же көчөдө эмес, мамлекет башчылыгынын сарайы Кремлдин дубалдарынын аркасында болгонун белгилеген Потаренко, Орусиядагы жогорку пайыздын жооптуусу АКШнын президенти Барак Обама болбогонун айтты.
Орус ишкери базарда конкуренцияны жок кылган жана баалардын өсүшүнө себепчи болгон эмбарголордун Орус экономикасын зыянга учуратканын белгиледи.
Батышта төмөн кирешелердин акырындап табылганын, бирок коркунучу аз болгонун, Орусияда болсо киреше оңой табылганын, бирок мунун куоркунучу менен кошо келгенин сөз кылган Потаренко, чет өлкөдө ишкердин дагы кирешелүү болгонун айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар