Орус согуштук учактарынын операциясы уланып жатат

Кол салуулардан көп сандаган жаран жабыр тартты.

410509
Орус согуштук учактарынын операциясы уланып жатат

Орус согуштук учактарынын Сириянын түндүгүндөгү эки айылга абадан бомбалоосунда 34 киши каза болду.
Оппозициячыл булактардын маалыматына караганда, ДЕАШтын көзөмөлүндөгү Маарет Аль Наасан айылындагы күйүүчү май сатылган жерге кол салуусунда 16 киши көз жумду.
Кол салууларда бутага алынган көп сандаган танкер жардырылды.
Халебге жакын жердеги башка айылдын базар аянтына абадан бомбалоолордон да 18 киши каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар