Сингапур "Жаратуучу дизайнер шаар" болду

Сингапур 16 өлкөлүү UNESCO жаратуучу шаарлар биримдигине кошулган болду

406952
Сингапур "Жаратуучу дизайнер шаар" болду

Сингапур UNESCO тарабынан «Жаратуучу дизайнер шаар» деп тандалды. Ушундайча Түштүк Азия Улуттук Биримдигинин ичинде бул атты алган экинчи шаар болду.
UNESCO Сингапур Улуттук Комиссиясы тарабынан генералдык секретарь Даниэль Роуз, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 50 - жылында чыккан бул жыйынтыктын абдан ыраазы кылуучу экенин белгиледи. Даниэль : «Сингапур ботаника бакчасынын UNESCOнун дүйнөлүк мурас тизмесине киришинен кийин шаардын дизайн тармагында да бир сыйлык алуусу Сингапурдун эл аралык аренада маданий шаар катары аныкталышы деген мааниге келүүдө»,- деп баа берди.
Өлкө менен бирдей аталган Сингапур шаары ушул аттын саясында араларында Индонезиянын Бандунг, Венгриянын Будапешт, АКШнын Детроит, Литванын Каунас жана Мексиканын Пуэбла шаарлары да болгон 16 өлкөлүү UNESCO жаратуучу шаарлар биримдигине кошулган болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар