Иранда чочко тумоосу

Чочко тумоосунан улам 33 киши каза болду

403834
Иранда чочко тумоосу

Иранда чочко тумоосунан улам 33 киши каза болду. Саламаттык сактоо министринин орун басары Али Экбер Сейри чочко тумоосунан улам 28 кишинин Кирман, 5 кишинин да Систан - Белужистан аймагында каза болгонун билдирди. Каза болгондордон 4 аялдын кош бойлуу экенин айткан Сейари гриптин түрүн H1N1 деп жарыялады. Тегаран, Керманшах, Чыгыш жана Батыш Азербайжан аймактарында да бул ооруга чалдыккандардын бар экенин белгилеген Сейари : «Саламаттык сактоо министрлиги бул оорунун келерки күндөрдө өлкөдө дагы да кенен жайыларын күтүүдө»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар