Орусия космоско 2 спутник учурду
Спутниктер океандарды иликтеп, аба ырайын байкайт
Орусия 2 аскердик спутникти орбитага жиберди. Спутниктер Орусиянын түндүгүндөгү Архангельск аймагындагы Плесецк космостук базасынан Түркия убактысы менен таңга жуук саат төрттө учурулду. Аскердик максаттагы «Космос» 2511 жана 2515 спутниктеринин орбитага жайгашканы билдирилди.
Орусия коргоо министрлиги спутниктерден бирөөсүнүн океандарды иликтей турганын жана аба ырайы тууралуу байкоо жүргүзөрүн билдирди.
Суук согуш мезгилинде Советтер союзу, Куба ракета кризиси болгон 1962 - жылы АКШга каршы «Космос» спутник проектисин түзгөн.1962 - жылдан бери космоско 2 миңден ашуун «Космос» спутниги учурулду. «Космос» спутниктери аскердик максатта колдонулууда.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.