Швейцария качкындар саны боюнча чектөө алып келет

Швейцария качкындарга квота алып келинишин күткөн мыйзам сунушун өткөн жылы да референдумга алып барган

401100
Швейцария качкындар саны боюнча чектөө алып келет

Швейцария качкындар тууралуу Европа Биримдигин эскертти. Швейцария өкмөтү Биримдиктин ичинде макулдашуу болбосо качкын агымына бир тараптуу чектөө алып келерин билдирди. Брюсселге каршы чыккан Швейцария качкындарга квота алып келинишин күткөн мыйзам сунушун өткөн жылы да референдумга алып барган. Референдумдун жыйынтыгына караганда Швейцария өкмөтү Европа Биримдиги ичинен жана тышынан келе турган качкын санына чектөө алып келет. Швейцариялыктар качкындарга каалгаларын ачуунун ордуна, качкындар барган өлкөлөргө материалдык жардам берүүнү жактап жатат.
Калкынын саны 8 миллион болгон Швейцарияга бул эле жылы 30 миңге жакын качкын кайрылган. Швейцария менен Брюсселдин качкындар тууралуу 2017 - жылга чейин келишим түзүүсү күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар