Саакашвили Грузия жарандыгынан чыгарылды
Саакашвили : «Бир күн сөзсүз түрдө Грузия жарандыгын аламын»
Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвили Грузиянын жарандыгынан чыгарылды. Маалымат Грузия президенттигинен жасалды. Михаил Саакашвилинин башка өлкөнүн жарандыгына өтүүсү менен Грузия жарандыгынан чыгарылганына байланыштуу чечимге президент тарабынан кол коюлганы белгиленди.
Мурунку президент Саакашвили да чыгарылган чечимге жооп берди. Шаакашвили Украина жараны болуудан ыраазы экенин белгилеп чечимге нааразычылык билдирбей турганын айтты. Саакашвили : «Бир күн сөзсүз түрдө Грузия жарандыгын аламын»,- деди.
2004 – 2013 - жылдардын арасында Грузиянын президенти болгон Саакашвили 2013 - жылы болгон шайлоодо жеңилип кызматын Маргвелашвилиге өткөрүп берген. Саакашвили май айында Украина жарандыгына өткөн жана Одессса губернатору болуп дайындалган.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.