Орусия - Украина кризиси

Орусия Батышка энергетика экспорттоо маселесин күн тартибине киргизди

421819
Орусия - Украина кризиси

Орусиянын энергетика министри Александр Новак Украина газга болгон төлөмдү алдын ала төлөбөсө бул өлкөгө газ берүүнү токтотушарын билдирди. Бирок ал алдын ала төлөмдүн канча экенин билдирген жок.
Ошондой эле Крымда 1 миллионго жакын киши электрсиз калгандыгы да эки өлкөнүн ортосунда араздашууга себеп болду. Аймактагы электр үзгүлтүгүнүн саботаж экенин белгилеген орус министри Новак, бул маселени чечпегендиги үчүн Украинаны күнөөлөдү. Маселе муну менен эле калбастан, 1 - январдан тартып Украинадан азык – түлүк импорттоону токтотору да айтылды.
Ошол эле учурда Орусиянын азык – түлүк эмбарго чечимине Украинанын бийлиги жооп кайтарды. Украина өткөн жылы Орусия бир тараптуу аннекция кылган Крымга товар жиберүүгө тыюу салды. Мындан улам Крымга продукция жиберүү убактылуу түрдө токтотулду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар