Согушта жашаган балдар

250 миллионго жакын бала согуштук аймактарда жашап жатат

420261
Согушта жашаган балдар

БУУнун Балдарга Жардам Фонду (UNICEF) дүйнөдөгү жакыр калктын жарымына жакынын балдардын түзгөнүн жана 250 миллионго жакын баланын согуштук аймактарда жашаганын билдирди.
UNICEF катчысы Сара Кроу БУУ Женева офисинде өткөрүлгөн жыйынында 20 – ноябрдын Дүйнөлүк балдар укугу күнү катары белгиленгенин, бирок дүйнөнүн азыр да миллиондогон балага адилеттүү мамиле кылбаганына көңүлдөрдү бурду. Бул жылдын башынан бери Европага барган качкын балдардын санынын 214 миңге жеткенин белгилеген Кроу : «Согуш жана зомбулук бир гана Ирак, Сирия жана Афганстанда 14 миллионго жакын балага таасирин тийгизүүдө. Дүйнөдөгү жакыр калктын жарымына жакынын балдар түзүүдө жана 250 миллионго жакын бала согуш аймактарында жашап жатат»,- деп билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар