Париждеги жаш уландын акциясы

Мусулман жаш уландын видео ролиги көрүү жана бөлүшүү рекордуна жетишти.

367369
Париждеги жаш уландын акциясы

Франциянын борбор шаары Парижде мусулман жаш улан, дүйнө жүзүнө достук билдирүсүн жиберди.
Мусулман жаш, жума күнү 129 киши каза тапкан кол салуулардын буталарынан бири болгон «Республика» аянтына чыгып, көздөрүн моюн орогучу менен байлады. Жаш жигиттин алдында турган картондо; «Мен мусулманмын сага ишенемин. А сенчи? Ошондой болсо мени кучакта!» деген жазуу көңүлдөрдү бурду.
Жүздөгөн париждиктер да мусулман жаштын чакырыгына аны кучактап жооп берди.Аянттагы делебени козгогон абалды түшүндүрүүгө сөз жетпейт. Париждеги кан көлдөткөн кол салуунун мусулмандар менен тиешеси болбогонун дүйнөгө жар салгысы келген жаш улан, бул акция менен каалаган маалыматын берген болду.
Мусулман жаш уландын видео ролиги көрүү жана бөлүшүү рекордуна жетишти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар