Францияда коогалаң

Париждин 6 башка жеринде болгон кол салууда, француз басма сөзүнүн тийиштүү кызматтагыларга таянып берген маалыматына караганда 158 киши каза тапты.

416777
Францияда коогалаң

Борбор шаар Париж, 10 айлык мөөнөттөн кийин ушул убакка дейре болгон эң чоң террордук кол салууга дуушар болду.
Париждин 6 башка жеринде болгон кол салууда, прокуратурасынын жарыялагынына караганда 120 киши, ал эми француз басма сөзүнүн тийиштүү кызматтагыларга таянып берген маалыматына караганда 158 киши каза тапты. Кол салууларда 90у оор кеминде 200 киши жаракат алышты.
Жума күнү кечинде көчөлөр жык жыйма толуп турган убакта кол салуулар бир убакта жасалды.
Алгачкы кол салуу кабары Кампучия ашканасынан келди. Адамдар кезек күткөн үстү ачык ашканага 2 киши экени божомолдонгон кол салгычтар ок жаадырышканда 10 киши каза тапты.
Экинчи кол салуу толкуну Франция-Германия футбол беттешүүсү болуп жаткан стадионго жакын жерде болду.Бул жердегилерден экөө жанкечтилик кол салуу, бирөө бомбалуу кол салуу...
Эң кандуу кол салуу болсо Американын Нeavy metal тобу концерт берген стадионго жакын жерде болду. Кол салгычтар бул жердегилерди барымтага алышты. Полициянын маалымдаганына караганда 3 жанкечтилик кол салгычтар өздөрүн калың топтун арасында жардырып жиберишти, 1 жан кечтилик кол салгыч коопсуздук топтору тарабынан атылып өлтүрүлдү.
Париждин чыгышында да 1 кол салуу болду.
Жооптуу кызматтагылар кол салуулар мурдатан бери даярданып жүргөн террордук уюктар тарабынан жасалган болушу мүмкүн экенин жарыялап жатышат.
Бир көргөн күбөнүн түшүндүргөнүнө караганда кол салгандар «Франция Сирияга кийлигишкени үчүн кол салуудабыз» деп кыйкырышканы билдирилди.
Куралчан кишилердин кол салган жерлеринин арасында соода борборунун да бар экенин кабар кылышты.
Бул окуялар боюнча Франциянын деңиздин ары жагындагы территориясы Корсика менен кошо бүтүндөй Францияда курч кырдаал абал жарыяланды.
Парижде 10 ай мурда террористтер «Шарли Эбдо» журналына жана бир супермаркетке кол салуусунда 17 киши каза тапкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар