Европада баш калкалоочулардын саны

Европага мыйзамсыз жолдор менен барууга аракет кылып жатканда Жер Ортолук деңизинде көз жумгандардын саны 3 миңден ашты.

416521
Европада баш калкалоочулардын саны

Эл аралык миграция уюму (IOM) быйыл Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага жеткен көчмөндөрдүн саны 800 миңден, бул жолдо каза болгондордун саны болсо 3 миңден ашканын билдирди.
Уюмдун көрсөткүчтөрүнө караганда Жер Ортолук деңизинен өтө алган 812 миң 230 баш калкалоочу Европа өлкөлөрүнө барды.
Булардын орто эсеп менен жарымы сириялыктар экени божомолдонууда.
Жылдын башынан бери Европада деңиз жолу аркылуу 666 миң 502 киши менен эң көп баш калкалоочу Грецияга барды. Булардын 300 миңин Жер Ортолук деңизи аркылуу барган сириялыктар түздү.
Жер Ортолук деңизинен Италияга 141 миң 777, Испанияга 3 миң 845, Мальтага 106 көчмөн барды.
Миграция уюму 2015-жылдын башынан бери Европага мыйзамсыз жолдор менен барууга аракет кылып жатканда Жер Ортолук деңизинде көз жумгандардын саны да 3 миңден ашканын билдирди.
Италия (2 миң 870), Греция (547) жана Испанияга (82) деңиз жолу аркылуу жетүүгө аракет кылган 3 миң 499 качкын көчмөн сууга чөгүп каза болду.
Грецияга баруу үчүн да Түркия аркылуу жолго чыккан көпчүлүгү сириялык 547 көчмөн да Эгей деңизинде көз жумду.
Эгей деңизинде ноябрь айынын биринчи 12 күнүндө 61 көчмөн каза тапты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар