Иракта кол салуу

Райондун борборун ДЕАШтан тазалоо үчүн жүргүзүлгөн операцияга 7 миң 500 пешмерге катышты

415621
Иракта кол салуу

Ирактын Энбар аймагына караштуу Рамади районунда коалиция күчтөрү жүргүзгөн абадан операцияларында террордук уюм ДЕАШтын мүчөсү 25 террорист өлдү. Мусулга караштуу Синжар аймагында жүргүзүлгөн абадан операцияларда да террордук уюмга таандык 13 курал сактоочу жай жардырылды.
ДЕАШтын 2014 - жылдын июнь айында Мусулду колго алуусу менен башталган кагылышуулар өлкөнүн ар башка шаарларында улантылууда. Синжар районун уюмдан куткаруу үчүн кенен масштабда операция башталды. Райондун борборун ДЕАШтан тазалоо үчүн жүргүзүлгөн операцияга 7 миң 500 пешмерге катышты.
Коалиция күчтөрүнө таандык аскердик учактар да абадан кол салуу менен пешмерге күчтөрүнө жардам берди. Операциянын негизинде ДЕАШ террористтери болгон райондун борбору абадан жана кургактыктан бомбаланды.
Мусулдун борборунун 120 километр батышындагы Синжар району 2014 - жылдын 3 - августунда ДЕАШтын колуна өткөн жана ушул боюнча аймактагы миңдеген йезиди күрт үйлөрүн таштап кетип Синжар тоосуна качышкан. Андан кийин пешмерге ачкан коопсуздук коридору менен тоодо калгандар куткарылган болчу. Синжар тоосу ДЕАШтан куткарыла турган болсо да райондун борбору азыр да ДЕАШтын текшерүүсү астында.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар