АКШнын катчысы маалымат берди

Марк Тонер террордук уюм ПЙДнин Сирияда жарым автономиялуулук аймак куруу аракетинде болбошу боюнча эскертишкендерин айтты

415143
АКШнын катчысы маалымат берди

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Марк Тонер террордук уюм ПЙДнин Сирияда жарым автономиялуулук аймак куруу аракетинде болбошу боюнча эскертишкендерин айтты.
Марк Тонер күнүмдүк брифингде берилген бир суроо боюнча ДЕАШтын көзөмөлүндөгү шаарларды алуу тууралуу абадан кол салуу жолу менен ПЙДни колдошкондорун айтты. ПЙДге АКШнын курал бербегенин кайталаган Тонер : «ПЙДге карата жардам тууралуу дайыма ачык болдук. Бирок алардын жарым автономиялуу аймак түзүү боюнча аракеттерине карата эскертүүлөбүздү да сүйлөштүк. Сириянын биримдиги жана жеринин бүтүндүгүнө карата аракеттерибиз да улантылууда. Сирия ичинде сүйлөшүлгөн чыныгы маанидеги бир саясий өткөөл процесстин түзүлүшүнө көңүл буруудабыз»,- деди. Тонер берилген бир суроо боюнча Сириянын түндүгүндө ДЕАШка каршы күрөшүү методдору тууралуу Түркия менен жакын координация ичинде болууну улантышарын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар