АКШ Конгресси 607 миллиард доллардык долбоорду бекитти

Долбоорду Барак Обама бюджетке байланыштуу айрым келишпестиктер жана Гуантанамо беренелеринин себебинен өткөн айда вето кылган.

415290
АКШ Конгресси 607 миллиард доллардык долбоорду бекитти

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси 607 миллиард доллардык «Улуттук коргонуу боюнча ыйгарым укук» мыйзам долбоорун бекитти.
АКШнын Президенти Барак Обаманын бюджетке байланыштуу айрым келишпестиктер жана Гуантанамо беренелеринин себебинен өткөн айда вето кылган «Улуттук коргонуу боюнча ыйгарым укук» мыйзам долбоору Конгрессте кайрадан каралды.
Долбоор бул ирет Сенатта 3 каршы 91 макул, Эл өкүлдөр палатасында 58 каршы 370 макул добуштары менен өтүп, үчтөн эки көпчүлүк добуш саны менен кайрадан вето кылынбагыдай түрдө Обаманын кол коюусу үчүн жиберилди.
Долбоор Обаманын башкаруучулугу мезгилиндеги алдыңкы максаттарынан бири болгон, Гуантанамодо камакта жаткандардын АКШга көчүрүлүшү жолу менен абактын жабылышына бөгөт болуучу беренелерди камтыйт.
Айрыкча орустарды жактаган жикчилдерге каршы согушкан Украинанын күчтөрүнө 300 миллион доллардык курал жардамы берилиши үчүн Обамага ыйгарым укугу берилиши жана ДЕАШка каршы күрөшкөн Сирия жана Ирактагы элементтерге аскердик жардам берилиши үчүн фонд бөлүнүшүнө байланыштуу түзөтүүлөргө да долбоордо орун берилген.
Ушул алкакта долбоор Ирак күчтөрү үчүн 715 миллион доллар, сириялык жөнөкөй оппозициячылдарга карай «машыктыр-жабды» программасында да 406 миллион доллардык фонд бөлгөн.
Мыйзам долбоорунун Конгресстен көпчүлүк добуш менен өтүшү көп жолу Гуантанамону жабуу жана камактагылардын АКШга көчүрүлүшүн мүмкүн кылууну каалаганын сөз кылган Обаманын планын аткарышын татаалдаштырышы мүмкүн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар