F-16 согуштук учактары

АКШ Иракка жаңы F-16 согуштук учактарын тапшырып берет.

410477
F-16 согуштук учактары


Ирак Парламентинин коопсуздук жана коргоо комиссиясынын төрагасы Хаким эл Замыли, террор менен күрөшүүнүн алкагында АКШдан жаңы 5 даана F-16 согуштук учагынын алдыбыздагы жуманын ичинде Багдадга тапшырыла турганын билдирди.
Замыли Анадолу агенттигине берген маалыматында мындан мурда 4 даана F-16 согуштук учагынын Иракка тапшырылганын билдирди.
АКШ менен Ирактын ортосунда 2011-жылы түзүлгөн стратегиялык курал келишимине ылайык, 36 даана F-16 согуштук учагынын ар башка мезгилдерде Багдадга бериле турганына чечим чыгарылган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар