Саакашвили Грузиянын жарандыгынан чыгарылат

Грузиянын адилеттик министрлиги мурунку президент Михаил Саакашвилинин жарандыктан чыгарылуусу үчүн аракетке өттү

360718
Саакашвили Грузиянын жарандыгынан чыгарылат

Грузиянын адилеттик министри Теа Цулукани баш мыйзам боюнча Украинанын Одесса губернатору жана Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвилинин жарандыктан чыгарылуусу үчүн процесстин башталганын айтты.
Адилеттик министрлигинде тема тууралуу пресс – жыйын өткөргөн Цулукани 23 - октябрь күнү Украина мекемелеринен күткөн Саакашвилинин Украина жараны экенин аныктаган расмий документти алышкандарын айтты.
Баш мыйзамдын 12 - беренесине караганда Грузияда кош жарандык укугунун жок экенин белгилеген Цулукани мыйзамдарга ылайыктуу Саакашвилинин жарандыктан чыгарылуусу үчүн керектүү процессти башташкандарын белгиледи. Цулукани айрыкча мурунку президентке эки жарандыктын бирөөсүн тандоосу үчүн убакыт берилерин айтты.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар