Украинада барымталар алмаштырылды

Барымта алмаштыруу менен 9 Украина аскери менен Орусия жактоочусу 11 жикчил эркин койо берилди

360486
Украинада барымталар алмаштырылды

Украинанын чыгышындагы жикчилдер менен өкмөткө байланыштуу күчтөрдүн арасында барымта алмашуу болду. Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин кызматкерлеринин көзөмөлүндө Лугансктын Счастие кыштагында болгон барымта алмаштыруу менен 9 Украина аскери менен Орусия жактоочусу 11 жикчил эркин койо берилди.
Ошол эле учурда өлкөнүн чыгышындагы кризистин чечилүүсү үчүн курулган Байланыш тобунун өкүлү Ирина Герашенко бир социалдык бөлүшүү сайтында берген маалыматында азыр да 139 украиналыктын жикчилдердин колунда экенин, 788 украиналыктан да кабар алына албай жатканын белгилеген. Украинанын чыгышында Орусия жактоочусу жикчилдер жана Украина өкмөтүнө караштуу күчтөрдүн арасында 2014 - жылы чыккан жарандык согушта 8 миңден ашуун киши каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар