Кытай Американы эскертти

Кытайдан АКШга «Түштүк Кытай деңизи» боюнча эскертүү...

401516
Кытай Американы эскертти


Пекин башкаруусу АКШны Түштүк Кытай деңизинде жок жерден маселе чыгарбоо боюнча эскертти.
Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи АКШнын Түштүк Кытай деңизинде Кытайга таандык аралдарга 12 километр алыстыктагы аралыкка согуштук кеме жиберет деген кабарларды иликтеп чыкты. Ванг Йи бул туура боло турган болсо АКШнын кыймылга өткөндөн мурда эки жолу ойлонуусу керектигин айтты.
АКШ Пекин башкаруусунун Түштүк Кытай деңизинде кемелер үчүн жаңы бир борбор жана ыктымалдуу учак аянттарын түзгөнүн белгилеп, бул комплекстерге кандай курал – жарак жана кызматкер жайгаштырары азырынча белгисиз экенин билдирген болчу.
Тайван, Кытай, Бруней, Малайзия, Вьетнам жана Филиппиндер нефть, жаратылыш газ жана балыкчылык үчүн бай булактарга ээ Түштүк Кытай деңизиндеги аралчалардын баарында акысынын бар экенин айтууда.
Кытай бул абалды бекемдөө үчүн бул жерде жасалма аралчаларды куруу менен күнөөлөнүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар