Венадагы жыйында лидерлер билдирүү жасашты

Жон Керри Сириядагы согуштун динамикаларын өзгөртө турган кээ бир пикирлердин ортого чыкканын айтты

398365
Венадагы жыйында лидерлер билдирүү жасашты

АКШ, Орусия, Түркия жана Сауд Арабстандын тышкы иштер министрлери Сириянын келечегин сүйлөшүү чүн Венада жолугушту.
Тышкы иштер министрлери жолугушуудан кийин билдирүү жасашты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри түшүмдүү болду деген жыйында Сириядагы согуштун динамикаларын өзгөртө турган кээ бир пикирлердин ортого чыкканын айтты.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Асаддын келечегине Сирия калкынын чечим чыгаруусу керектигин кайталады. Лавров Сириянын келечегине байланыштуу келечекте өкөрүлө турган жыйындарга Иран жана Египеттин да кошулуусун каалашкандарын билдирди.
Сауд Арабстандын тышкы иштер министри Адил ел – Жубейр Орусия менен Асаддын саясий келечеги тууралуу пикир айырмачылыктарынын бар экенин, бирок сүйлөшүүлөрдү улантышарын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар