Анкарадагы жардырууну чет өлкөлөр да айыпташты

Анкарада кан көлдөткөн террордук кол салууга дүйнө жүзү катуу каршы чыгып, көңүл айтышты.

391114
Анкарадагы жардырууну чет өлкөлөр да айыпташты


Анкарада кан көлдөткөн террордук кол салууга дүйнө жүзү катуу каршы чыкты.
Террор кол салуусу Түндүк Кипр Түрк Республикасында чоң капага салды. Ал өлкөдө да 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.
Президент Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жиберген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы, «Түркиянын бейкуттук жана ички тынчтыкка эң көп муктаж болгон ушул мезгилде, кимден жана кайдан келсе дагы бул кол салууну жек көрүү менен айыптаймын. Сиз менен бүтүндөй Түркиянын кайгысын чын жүрөктөн тең бөлүшөмүн»-деди.
Орусиянын президенти Владимир Путин да президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып көңүл айтуусун билдирди.
Франциянын президенти Франсуа Олланд президент Эрдоганга телефон акрылуу байланышып террордук кол салууну айыптаганын билдирди. Француз лидери түрк калкына көңүл айтты.
Италиянын президенти Сержио Матарелла президент Эрдоганга жиберген көңүл айтуу билдирүүсүндө, «Террорго каршы күрөшүүнүн канчалык шашылыш болгонун эске салган бул кол салууну айыптаймын»-деген сөздөрдү жазды.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да кол салууну катуу айыптаганын билдирди. «Бүтүндөй НАТО шериктештери терроризм балээсине каршы күрөшүүдө бириксин»-деди.
Европа Кеңешинин башкы катчысы Турбьёрн Ягланд Анкарадагы кандуу кол салууну айыптады.
Ягланд жазуу түнүндөгү жарыясында: «Анкарадан бүгүн эртең менен келген кабар үрөйдү учурду жана тынчты алды. Бул тынчтыкчыл митингдерге каршы аесуз жана варварча кол салуу болду»-деди.Кол салууда жакындарынан ажырагандарга кайрат айткан Ягланд, жыйналыш жана сөз эркиндиги демократиянын башкы тирөөчтөрү болгонун билдирди.
Окуя, АКШнын Анкарадагы элчилиги тарабынан да айыпталды. Элчиликтин социалдык медиадагы барагында «Анкарадагы кол салууну катуу айыптайбыз. Бардыгыбыз биргелешип террорго каршы турушубуз керек»-делди.
Муну менен бирге АКШ, Греция, Германия, Англия, Сауд Арабия жана Пакистандан да террорду айыптоо билдирүүлөрү келип түштү.
Эл аралык Мунапыс Уюму да кол салууну айыптаганын билдирди.
Чет өлкөлүк кабар агенттиктери кабарды шашылыш коду менен беришти. Окуяларды секунд сайын берип турган агенттиктер кол салууну террор окуясы катары жарыялады.Чет өлкөлүк кабар каналдары программаларын токтотуп окуяны акыркы жаңылык катары жарыялашты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар