ДЕАШка кошулгандардын саны өсүп баратат

Террордук уюм ДЕАШка кошулган чет элдик согушкерлердин саны акыркы бир жылдын ичинде эки эсе өсүп 30 миңге жетти.

385446
ДЕАШка кошулгандардын саны өсүп баратат


Америка басма сөзүнөн маалымдалгандай, бардык чара көрүүлөргө карабастан бир айдын ичинде 100 өлкөдөн 1 миң согушкер Сирия жана Иракка өтүп бул уюмга кошулду.
«Нью-Йорк Таймс» гезитинин чалгындоо жана конгрес мүчөлөрүнөн алып берген маалыматында, АКШнын жетекчилигиндеги коалициянын абадан операциялары, чек ара коопсуздугунун күчөтүлүшү, чалгындоо маалыматтарынын бөлүшүүсү жана ар бир өлкөдөгү түрдүү чара көрүүлөргө карабастан өткөн жылы 15 миң болгон бул санда өсүү болду.
Коопсуздукту сактоочу кызматкерлер ДЕАШтын өзгөчө социалдык медиа аркылуу мүчө чогултуу темасында дагы эле активдүү экенин белгилешүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар