Cирияда абал

Сирияда кагылышуулар улантылууда

378049
Cирияда абал

Сирияда оппозициячылдар борбор шаар Дамасктын түндүк батышында Ливан чек арасындагы Зебедани районунда 18зи Хизбуллах террористти, 11 режим аскери болуу менен 29 кишини таасирисз абалга алып келди.
Оппозициячылдар менен Хизбуллах колдогон режим күчтөрүнүн арасында катуу кагылышуулар чыккан Жебел Шарки аймагына Асад күчтөрү танк, пулемет жана ракеталар менен кол салды.
Оппозициячылдардын Ливан аркылуу алган аскердик ок – дарыны Зебеданиден Дамаск жана өлкөнүн ички жактарына жеткиргени, режим күчтөрү менен Хибуллах террористтеринин да буга бөгөт болуу үчүн Зебеданиге кол салганы белгиленди. Режим күчтөрүнүн Зебеданиге кол салуусуна карата оппозициячыл бөлүктөр да Идлиб элетиндеги жана көпчүлүгү шиит болгон режим көзөмөлүндөгү Фуа жана Кафрая айылдарына оор куралдар менен кол салууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар