Тактыда 63 жыл 216 күн

Принц Чарльз таажы кийүү үчүн дагы күтө тургандай көрүнүүдө

343838
Тактыда 63 жыл 216 күн

Ханыша Экинчи Элизабет тактыда 63 жыл 216 күнүн аяктап «Англиянын узун убакыт тактыда калган ханышасы» атын алды. Король Жорж каза болгондон кийин 26 жашындагы кызы Элизабет 1952 - жылы өткөрүлгөн азем менен ханыша атын алып Англиянын тактысына отурган жана бул азем узун убакытка созулган жана тарыхый салтанттын башталышы болду.
Тактыда отуруу мөөнөтү жактан 65 жылдык Таиланд королунан кийин 89 жаштагы экинчи Элизабет Сауд Арабстандын королу Абдуллах бин Абдулазиздин каза болуусунан кийин дүйнөнүн эң картаң ханышасы болду.
Экинчи Элизабет биринчиси Уинстон Черчилль болуп 12 премьер – министр менен иштеген, бир топ өлкө кирген Англис улуттар коомунун да канышасы катары дүйнөнүн эң белгилүү ысымдарынан...
Байкоочулардын билдиргенине караганда ханышанын тактыдан түшүү сыяктуу ниети жок. Мындай абалда тактынын мурскер уулу принц Чарльз  таажы кийүү үчүн дагы күтө тургандай көрүнүүдө.
Жеке мүлкү 340 миллион стерлингге жакын болгон ханыша жана үй – бүлөсү Англиянын туризми үчүн абдан чоң киреше булагы. Ханышанын үй – бүлөсү жасаган иштерине караганда турмушу жана сүйгөндөрү менен сөз болууда.
Калктын принцессасы деп билинген Леди Диана каза болгондон кийин королдук үй – бүлөсү такты кезегинде экинчи орунда турган небере принц Уильямдын Кейт Миддлтон менен үйлөнүүсү жана балдары менен кайрадан кызыгууларды тарта баштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар