Европа Биримдиги кошумча санкцияларынын мөөнөтүн узартууда
Бул санкциялар Орусияга кысым көрсөтүүнү максаттоодо.
373877
Европа Биримдиги украиналык жикчилдерди жана орусиялык жооптуу кызматкерлерди бутага алган кошумча санкцияларынын жана виза чектөөлөрүнүн мөөнөтүн дагы 6 айга узартууну чечти.
Брюсселде өткөрүлгөн жыйында чыгарылган чечимге ылайык, санкция киргизиле турган 37 фирма жана виза алууларына тыюу салына турган 150 кишилик тизме 15-сентябрда расмий бекитилет.
Тизмеде Орусиянын вице-премьер министри Дмитрий Козак жана чалгындоо кызматынын төрагасы Игор Сергун да бар.
Бул санкциялар, Орусиянын Украинада Минск тобунун ок атпоо келишиме шайкеш келүүсү үчүн кысым көрсөтүүнү максаттоодо.