Иран менен Орусиянын ортосунда «согуштук учак» сүйлөшүүлөрү

Иран Орусиядан согуштук учак сатып алат.

372506
Иран менен Орусиянын ортосунда «согуштук учак» сүйлөшүүлөрү


Ирандын коргоо министри Хүсейин Дехкан Орусиядан «Сухой» үлгүсүндөгү согуштук учактарды сатып алуу үчүн орусиялык жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн айтты.
Орусия Иранга саткан бирок санкциялардын айынан тапшырылбаган алыс аралыкка атуучу S-300 үлгүсүндөгү абадан коргонуу системасынын да ушул жылдын аягына чейин Иранга тапшырыла турганы билдирилди.
Иран менен 5+1 өлкөлөрүнүн ортосунда Венада кол коюлган атомдук келишимге да токтолгон Дехкан, өлкөсүнүн келишимдин жоопкерчиликтерине шайкеш келээрин белгиледи.
Дехкан экинчи тарап атомдук келишимдин жоопкерчиликтерине шайкеш келбеген учурда Ирандын жообу катуу болоорун айтты.
Дүйнөдөгү эң өнүккөн согуштук учактардын бири болгон көп максаттуу жана эки учкучтуу «Сухой-30» үлгүсүндөгү реактивдүү учактар Американын F-15 учактарынын Орусиядагы тең тайлашы катары эсептелүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар