Украинада туткундар алмаштырылууда...

Түзүлгөн келишимге карабастан кагылышуулар улантылууда

370968
Украинада туткундар алмаштырылууда...

Украинанын чыгышында Орусия жактоочулары жикчилдер менен өкмөт күчтөрүнүн ортосунда туткундар алмаштырылды. Туткундар алмаштыруу жерин микро автобустар менен алып келинди. Алмаштыруу менен тараптар 24 туткунду эркин койо беришти.
Украина өкмөтү менен жикчилдер февраль айында Белорусиянын борбор шаары Минскте ок атууларды токтотуу келишимине кол койгон. Келишим боюнча ок атууларды токтотуу менен бирге куралдардын чегинүүсү, тарапсыз аймактын түзүлүшү жана туткундарды алмаштыруу тууралуу келишим түзүлгөн. Ошол эле учурда Минск ок атууну токтотуу келишимине карабастан Украинанын чыгышында кагылышуулар улантылууда. Донецк аймагында болгон оор кагылышууларда 7 Украина аскери каза болуп, 13 аскер жараланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар