Мыйзамсыз көчмөндөр

Европа Ата мекендик согушунан бери эң чоң көч толкуну менен бетме бет...

370350
Мыйзамсыз көчмөндөр

Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн миңдеген киши өлкөлөрүндөгү кыйын шарттардан качып жолдорго чыгышты.
Дагы жакшы турмушта жашоо үмүтү менен жолго чыккан көчмөндөрдүн Греция – Венгрия жолундагы жүргүнчүлүктөрү улантылууда. Мыйзамсыз көчмөндөрдүн Греция – Македония – Сербия- Венгрия жолундагы жүргүнчүлүгү улантылууда.
Жүргүнчүлүктүн биринчи аялдамасы Греция...
Экономикалык кризистеги өлкө күрөшүүдө кыйыналууда. БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгынын жетекчилери көчмөн агымына учураган Мидилли аралында сандын күн өткөн сайын өсүп баратканын билдирди. Грек өкмөтү аралдагы 2 миңден ашуун көчмөндү кеме менен Пире портуна алып келди. Көчмөндөр 50 евро төлөгөн бул жолчулуктан кийин кийинки аялдамалары Македонияга барышууда.
Көчмөндөрдүн өтүүсүнө бир канча убакыт уруксат бербеген Македонияда чек ара ачылган жекшемби күндөн бери абал тынч.
Жүргүнчүлүктүн акыркы аялдамасы болгон Венгрияга баруу үчүн көчмөндөр үчүн маанилүү бир кадам.Ушундайча Шенген өлкөлөрүнүн тактап айтканда визасыз саякаттын да жолу ачылган болду. Бирок, Венгрия, Сербия аркылуу кирүүнү токтотуу максатында чек арага 2 миңден ашуун кошумча полиция күчүн жиберерин билдирди. Чек ара коопсуздугунда аскерлердин жардамы да күн тартибинде. Чечимдин алдыбыздагы жумада Венгрия парламентинде каралуусу күтүлүүдө. Чек арасындагы бир көчмөн лагеринде араздашуулар чыкты. Полиция жардам талабы менен митингге чыккан көчмөндөргө көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар