Жо Байден талапкер

Ак үй бакшаруусунун да Жо Байдендин президенттик жарышына катышуусуна оң караганы айтыла алат

369638
Жо Байден талапкер

АКШда келерки жылы боло турган президенттик шайлоодо Демократ партиясынан талапкер болуу белгилерин берген вице – президент Жо Байдендин октябрь айына чейин талапкерлигин билдирүүсү күтүлүүдө.
Америка медиасындагы маалыматтарга караганда Байден тобу менен талапкерлиги үчүн багыш чогултуу жана келерки жылдын башында өткөрүлө турган алдыңкы шайлоодо белгилене турган стратегия үчүн азыртадан аракетке өттү.
Байдендин өткөн жумада 2012 - жылдагы президенттик шайлоодо Барак Обама үчүн 750 миң долларлык олуттуу багыш чогулткан ишкер Жорж Ценис менен жолугушканы ортого салынды. АКШ басма сөзүнө караганда Байден Цунистин ыктымалдуу шайлоо кампаниясын жүргүзө турган ысымдардын арасында орун алууну каалап жатат.
Байдендин Демократиялык партиянын ичиндеги күчтүү ысымдардан Массачусетт сенатору Элизабет Уоррен менен жуманын акырында жолугушуусу да талапкерлиги тууралуу айтылгандарды айгинелеп жатат.
Ак үй бакшаруусунун да Жо Байдендин президенттик жарышына катышуусуна оң караганы айтыла алат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар