Медведевдин Куриль аралдарына сапары

Медведевдин аралга жасаган сапарына Япония нааразычылык билдирди

369167
Медведевдин Куриль аралдарына сапары

Орусиянын премьер – министри Димитрий Медведев Куриль аралдарындагы Итуруп аралдарына барды. Медведев оболу абадан иликтөө жүргүзуп, андан сон аралдын жаштары менен жолугушту. Бир маркетке кирип балык баалары тууралуу сатуучу менен да маектешти.
Бирок Медведевдин аралга жасаган сапарына Япония каршы чыкты.Орусиянын Япониядагы элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылып, Япониянын премьер – министри Шинзо Абе парламентте сүйлөгөн сөзүндө Медведевдин сапары япон калкынын сезимдерин тебелегенин айтты. Япониянын тышкы иштер министринин келерки жумада Орусияга жасоосу пландалган расмий сапардын жоюлушу да күн тартибинде. Ата мекендик согушунан кийин Орусия менен Япония тынчтык келишимине кол койгон эмес.Тынч океанында 56 аралдан турган Куриль аралдары согуштун акырында орус эгемендигинде калган.Токио аралдардын учурдагы статусун тааныбай жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар