АКШда дарыянын кирдүүлүгү

Мурунку алтын чыгуучу жердин колдонуудан чыккан суулары тосмолорду агып дарыяга аралашып, суусунун түсү өзгөрдү

323041
АКШда дарыянын кирдүүлүгү

АКШнын Колорада аймагындагы Анимас дарыясынын жакындарында чукул абал жарыяланды. Мурунку алтын чыгуучу жердин колдонуудан чыккан суулары тосмолорду агып дарыяга аралашып, суусунун түсү өзгөрдү. Түсү менен бирге дарыя суусунун сапаты да бузулду. 11 жарым миллион литрдик колдонуудан чыккан сууда мышьяк, ртуть, свинец, кадмий сыяктуу ден соолукка зыянын тийгизген металдар бар. Колорадо губернатору бул абал боюнча чукул абал жарыялады.
Кызматкерлер дарыя тууралуу түрдүү тесттерди жасашып, жээк аймактарынын тургундарын дарыядан алыс болуу боюнча эскертишүүдө. Уулуу суунун кудуктарга жана жер астындагы булактарга кошулуусунан тынчсыздануулар болууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар